Башкы кызмат ордуларынын кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы; улук кызмат ордуларынын кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим (юрист үчүн юридикалык); 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; кенже кызмат ордуларынын кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт; Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн документтерин Тоң району, Көл-Төр айылы, И.Бектемиров көчөсү №16. Дарегине тапшыруу керек. Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 календарлык күнү кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыӊыздар: (03947) 6-01-82 жана (0705) 12-57-73. Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат. Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Кɵл районунун Кумбел айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт: Түп райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине киргизүү үчүн улук административдик мамлекеттик кызматынын орундарына ачык сынак жарыялайт: