Лейлек  районунун  Тогуз-Булак  айыл өкмөтү  башкы,улук жана кенже административдик  муниципалдык  кызмат  орундарына кадрлар резервине киргизүү боюнча  ачык конкурс   жарыялайт.

    Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар

I.Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн;

Кыргыз Республикасынын Конституциясы,Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”,Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси”,Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,”Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”,”Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Башкы топтогу  административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1.Кесиптик билимдин деңгеели:

-Жогорку билим-айыл чарба,финансылык-экономикалык,мамлекеттик жана муниципалдыкбашкаруу,юриспруденция,ветеринардык,гуманитардык,табигый илимдер,техникалык курулуш,энергетика тармактарында.

  1. Иш стажы жана тажыйрбасы:

-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

-Билгичтик,маалыматты жыйноо,талдоо,системалаштыруу жана жалпылоо;аналитикалык документтерди даярдоо;тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажыйрбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

-Көндүмдөрү; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажыйрбада колдонуу;ишти пландаштыруу жана жумуш убактын туура бөлүштүрүү;башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;компютердик жана уюштуруу техникасын,зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

II  Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн;

Кыргыз Республикасынын Конституциясы,Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”,Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси”,Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,”Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”,”Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук топтогу  административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1.Кесиптик билимдин деңгеели:

-Жогорку билим-айыл чарба,финансылык-экономикалык,мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция,ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер,техникалык курулуш,энергетика тармактарында.

  1. Иш стажы жана тажыйрбасы:

-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

-Билгичтик,маалыматты жыйноо,талдоо,системалаштыруу жана жалпылоо;аналитикалык документтерди даярдоо;тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажыйрбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

-Көндүмдөрү; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажыйрбада колдонуу;ишти пландаштыруу жана жумуш убактын туура бөлүштүрүү;башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;компютердик жана уюштуруу техникасын,зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

III  Кенже топтогу  административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1.Кесиптик билимдин деңгеели:

-Жогорку билим же атайын орто кесиптик билим-айыл чарба,финансылык-экономикалык,мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,юриспруденция,ветеринардык,гуманитардык,табигый илимдер,техникалык курулуш,энергетика тармактарында.

  1. Иш стажы жана тажыйрбасы:

-Иш стажы талап кылынбайт.

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

-Билгичтиги; жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;документтерди, маалыматтарды,суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажыйрбаны талдоо жана практикада колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;командада иштөө.

-Көндүмдөрү; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажыйрбада колдонуу;ишти пландаштыруу жана жумуш убактын туура бөлүштүрүү;башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;компютердик жана уюштуруу техникасын,зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтер талап  кылынат:

-Айыл өкмөтүнүн  башчысынын  атына  арыз;

-Резюме

-Кадрлар боюнча өздүк баракчасы

-Жогорку,же атайын орто  билимин  тастыктаган дипломдун көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлүүгө  тийиш);

-Квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө документтердин көчүрмөсү.

—Өмүр баян

-4х6 өлчөмүндөгү 2 даана  сүрөт;

-Паспортунун көчүрмөсү (Конкурска келгенде паспорт  өзү көрсөтүлөт)

-ИИМден соттолбогондугу боюнча маалымкат

-Аскердик билетинин көчүрмөсү

Документтер жарыя сайтка жарыяланган күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде  айыл өкмөтүнүн  кеңсесинде кабыл алынат. Баткен облусу Лейлек району Миң-Жыгач айылы Долоно к №31

Кошумча маалыматтар үчүн байланыш тел:  0776-95-01-93  жана 0502-16-99-55 номерлерине кайрылсаңыздар  болот.

Эскертүү! Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер конкурска чакырылат.