Майлуу-Суу шаарынын мэриясы улук жана кенже кызмат орундары боюнча кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт УЛУК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим бардык профилдеги багыттар боюнча. Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем Эмес иш стажы; Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” КӨНДҮМДӨР: -Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон денгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; -компютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продукталарга (ворд,экзел) ээ болуу; КЕНЖЕ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку же атайын орто кесиптик билим бардык профилдеги багыттар боюнча. Иш стажы жана тажрыйбасы: – Стажына карата талап коюлбайт; Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. КӨНДҮМДӨР: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -компютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продукталарга (ворд,экзел) ээ болуу; КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ: Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз; Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү; нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); Паспорттун көчүрмөсү. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2024-жылдын 15-апрелинен 29-апрелине чейин жүргүзүлөт. Дареги: Жалал-Абад областы, Майлуу-Суу шаары, Ленина көчөсү 135-а мэриянын имаратынын 316-кабинет байланыш телефону: 0554-31-00-31 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгы Көк-Жаңгак шаардык мэриясы