Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына жана Агенттиктин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата спорттук мелдеш уюштурулду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында спорттук мелдеш уюштурулду.
Мелдешке волейбол, футбол жана теннис боюнча 11 команда катышты жана жыйынтыгында:
волейбол:
1-орун – Каракол шаардык салык кызматынын башкармалыгы
2-орун – Тон райондук мамлекеттик администрациясы
3-орун – Каракол шаарынын мэриясы
футбол:
1-орун – сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы
2-орун – Түп райондук мамлекеттик администрациясы
3-орун – Каракол шаардык салык кызматынын башкармалыгы
теннис:
1-орун – Каракол шаардык салык кызматынын башкармалыгы
2-орун – Ысык-Көл облусунун статистика башкармалыгы
3-орун – сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы
Мелдештин женүүчүлөрүнө жана мыкты оюнчуларына Кубок, медаль, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Спартакиадага 156 кызматкер катышты.