Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттиги жарандар менен ачык диалогду камсыздоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында «Пикир» аттуу QR-код системасын ишке киргизди. Эми ар бир кыргызстандык агенттиктин кызматтын ишине онлайн форматта баа берип, сунуш-пикир калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. QR-кодду колдонуу тартиби абдан жөнөкөй: Агенттиктин кире беришинде жайгашкан QR-кодду «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу сканерлөө; Чыккан шилтемеге өтүп, тиешелүү кызматка баа берүү; Өз сунуш-пикириңизди калтыруу. Эмне үчүн маанилүү? Ар бир билдирүү дароо катталат жана расмий документ катары эсептелет; Тиешелүү адистер сөзсүз карап чыгып, зарыл учурда чара көрүшөт; Жыйынтык тууралуу жаранга кайрадан маалымат берилет. Жаңы мүмкүнчүлүктүн өзгөчөлүгү «Пикир» системасы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү элдин талабына ылайыкташтырууга, кемчиликтерди ыкчам оңдоого жана сапатты жогорулатууга өбөлгө түзөт. Жазуулар боюнча багыттоо КЫРГЫЗСТАН «СЭМАУЛ УНДОНГ» КЫЙМЫЛЫ АРКЫЛУУ АЙЫЛ ЖЕРЛЕРИН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ КОРЕЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУДА Баардык мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин чет өлкөдөгү окууларын системалаштыруу