Агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын кызматчылары Ош шаарында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин бүтүрүүчүлөрү үчүн “Мамлекеттик кызматка жайгашуунун өзгөчөлүктөрү” аталышындагы окуу уюштурушту.
Окууга 60ка жакын бүтүрүүчүлөр жана окутуучу мугалимдер катышты. Семинарда Агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын бөлүм башчысы Г. Ыбышова, адиси А. Сейитмаметов мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү жана өтөө боюнча атайын слайд менен баяндап беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан регионалдык кадрлар резерви, муниципалдык кадрлар резерви, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кадрлар резервдери тууралуу кенен түшүндүрүлүп, жакынкы күндөрдө лидер аялдардын резервине конкурс жарыяланып жаткандыгы айтылды. Иш-чара кызыктуу талкуу жана суроо-жооптор менен жыйынтыкталды.