Манас райондук билим берүү бөлүмү “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын негизинде ваканттык административдик мамлекеттик кызмат орунуна конкурс жарыялайт

Башкы адис-1 штаттык орун

Кызматтык милдеттери:

      Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо; Жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылуу жана коргоо; Кызматтык этиканын ченемдерин сактоо; Мамлекеттик органда белгиленген ички кызмат тартибинин эрежелерин , кызматтык нусуамаларды, кызматтык маалымат менен иштеп жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо; Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;  ченемдик укутук актыларды иштеп чыгуу жана же макулдашуу; Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана аларга консультация берүү: Отчётторду түзүү; Өзүнүн компетенттүүлүгүнүн  чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык- методикалык  материалдарды түзүү; Жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогору турган адамдардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу

       Райондук билим берүү бөлүмүнүн жана жогорку органдарынын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт; Инспектордук текшерүү кызматтарына жетекчилик кылат; Мектеп директорлорунун иштерине жетекчилик кылат жана көзөмөлдөйт; Билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт; Билим берүү мекемелеринде окуу процессинин ички контролдугун текшерет; Негизги жана орто билим жөнүндөгү аттестаттын , күбөлүктөн бланктарын тапшырат жана көзөмөлдөйт; Билим берүү мекемелеринин аккредитациядан өтүү иштерин жетектейт; Номенклатуралык документтердин туура жүргүзүлүшүн жана сакталышын көзөмөлдөйт; Акыл ээси жетилбеген балдарды аныктоо психологиялык- медициналык — педагогикалык комиссиянын иштерин жетектейт; Мектеп жашындагы балдардын май, август эсептерин жүргүзөт; Окууга тартылбаган балдар менен иш алып барат; Билим берүү мекемелеринин чейректик, жылдык катышуу , жетишүү жана билим сапаты менен окуучулардын кыймылынын статистикалык отчётторун жалпы түзөт; Райондук билим берүү бөлүмүнүн кеңешмесине материал даярдайт; Билим берүү мекемелеринин окуу- тарбия процессинин жүрүшүнө көзөмөл жасайт жана усулдук жардам уюштурат.

Милдеттүү квалификациялык талаптар:

1.Кесиптик билим деңгээли: — жогорку педагогикалык  жана гуманитардык

  1. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

  1. Кесиптик компетенциялары:

       Кыргыз Республикасынын төмөнкү укутук ченемдик актыларын билүүсү:                                                — Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “ Билим берүү жөнүндө” “ Мугалимдердин статусу жөнүндө”, “ Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”, “ Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептериндеги окуучулар үчүн тамак аш уюштуруу жөнүндө”,                                                                                                                                                  — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20- февралындагы 119 токтому менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобосу”,                                                                                                                                                  —  Кыргыз Республикасынын жараны, 21 жаштан жогору

Кошумча квалификациялык талаптар:

1 Ыктуулугу:

 —    иштин приоритеттүү багыттарын аныктоо жана стратегичлык пландарды иштеп чыгуу;                                                                                                                                                                                           —     түзүмдүк бөлүмдөрдүн проблемаларын чечүүгө ыкмалпрды талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг, контроль жүргүзүү жана интерациялоо:                                                                                           —    башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардвн кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;                                                                                                                                                               —     кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында ачып көрсөтүү жана чечүү;                                                                                                                                                 —    коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;                                                                                                                                                                                    —    өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу пландоо , ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

2.Көндүмдөрү:

     -аналитикалык жана сратегиялык документтерди иштеп чыгуу;                                                                                                                                                    —  маалыматты талдоо, системалоо жана жалпылоо;                                                                                                       —  ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана алрды практикада колдонуу                                                                                                                                                          —  чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;                                                                                                                    —  натыйжалуу өз ара мамилелерди  түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү, элдин алдына чыгып сүйлөөлөрдү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүжана мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;                                                                  — компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү( Word, Excel, интернет)

Сынакка катышуу үчүн жиберилген документтер төмөнкүлөрдү камтышы керек:

   -бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз

   — кадрлар боюнча өздүк баракча,  ( 4 х 6 эки даана);

   -өмүр баянын ( соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

  — резюме;

  — паспорттун көчүрмөсүн;

  — керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин ( эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы , илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтерин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

       Берилген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.

      Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекее жарыя газетага чыккан күндөн баштап  10 күн жумушчу күндүн ичинде саат 9:30 дан 17:30 га чейин тапшыруу керек.

   Дареги: Талас облусу, Манас району, М. Кояшев көчөсү- 22, Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты, байланыш телефондору: ( 3459) 2-25-74,  0773 442 676, 0707 321 871.