Манас райондук билим берүү бөлүмү, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Манас райондук билим берүү бөлүмү кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– бош административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө;
— бош административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө;
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 21 жаштан жаш болбоого;
3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
1) Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
-Педагогикалык жана гуманитардык жогорку билим;
Иш стажы жана тажрыйбасы:
—жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
-негизги тест үчүн:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси”;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Конституциялык мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 сандуу токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама:
-предметтик тест үчүн:
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзамы;
Билгичтиги: Маалыматтарды жыйнап талдоо, аларды системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо, тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет элдик тажрыйбаны практикада колдоно билүү, кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
Көндумдөрү: Ченемдик -укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу, ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу, компьютердик -уюштуруу техникасын жана программалык продуктыларды колдоно билүү.
2) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: ( иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жетектөөчү адис жана адис)
— Педагогикалык жана гуманитардык жогорку билим;
— Иш стаждарына талаптар коюлбайт;
– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 сандуу токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
– предметтик тест үчүн (жетектөөчү адис жана адис) төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө » Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамы:
Кыргыз Республикасынын “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзамы;
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди билүү;
Билгичтиги: Жетекчиликтин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу, документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо, тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаны практикалык иште колдоно билүү, кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу, бир командада иштөө.
Көндумдөрү: Ченемдик -укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу, компьютердик -уюштуруу техникасын жана программалык продуктыларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде саат 9-30 дан 17:30 га чейин тапшыруу керек. Дареги: Манас району, Покровка айылы, М.Кояшев көчөсү Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты, Тел. /03459/ 2-25-72. Моб. 0700 20-24-23