Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы   Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде административдик жарандык кызмат орундун улук тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:

 

Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– бош административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук кызмат тобун ээлөөгө.Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;2) 21 жаштан жаш болбоого;3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

 Административдик мамлекеттик жарандык улук кызмат орундары үчүн У-А, У-Б (жалпы мыйзамдарды билүү)  негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

  1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн 2 орун («Балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо» бөлүмүнүн башчысы, башкы адиси):

 

1). Кесиптик билим деӊгээли:

 – жогорку билим: гyманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.

2). Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3). Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүүсү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү  кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодекси;
  3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү.

– билгичтиги :

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаӊы шарттарына адаптациялашуу;

– көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

  1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн 2 орун ( “Каржы жана бухгалтердик эсеп” бөлүмүнүн башчысы, башкы адиси)

 

1). Кесиптик билим деӊгээли:

 – жогорку билим: экономика жана башкаруу.

2). Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3). Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүүсү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү  кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү.

– билгичтиги :

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаӊы шарттарына адаптациялашуу;

– көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

  1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн 1 орун (“Социалдык кызматтарды көрсөтүү” секторунун башкы адиси):

 

1) Кесиптик билим деӊгээли:

 – жогорку билим: гyманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүүсү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү  кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү.

– билгичтиги :

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаӊы шарттарына адаптациялашуу;

– көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

  1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн 1 орун (“Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана миграция” секторунун башкы адиси):

 

1) Кесиптик билим деӊгээли:

 – жогорку билим: гyманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүүсү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү  кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” Мыйзамы.

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү.

билгичтиги :

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаӊы шарттарына адаптациялашуу;

көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (уюлдук номерин, электрондук почтаны, жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен),

– өздүк таржымал (өмүр баян),

– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу;

–“Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификат;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Конкурска катышууну каалаган адамдар мамлекеттик “e-Kyzmat” порталындагы жеке кабинет аркылуу (https://kyzmat.gov.kg/kg) электрондук форматта өтүнмөнү, белгиленген талаптарга туура келген электрондук документтерди жана маалыматтарды 2026-жылдын 2-февралынан баштап 13-февралына чейин саат 9-30 дан 17-00го чейин тапшыруу керек

 

Эскертүү: Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Баардык квалификациялык талаптан өткөндөр конкурс өтүү үчүн чакырылат, уюлдук телефон номерин калтыруу зарыл.

 

Дареги: Манас району, Семетей айылы, К.Жаманкулов көчөсү №127, Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы,

телефон: (03459) 2-25-43, мобилдик  номер: 0773430101, 0701131360.