Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт: Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт: – бош административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже кызмат тобун ээлөөгө. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга; 2) 21 жаштан жаш болбоого; 3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө. Административдик мамлекеттик жарандык кенже кызмат орундары үчүн К-Б (жалпы мыйзамдарды билүү) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн 1 орун («Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция» секторунун адиси): 1). Кесиптик билим деӊгээли: – жогорку билим: гyманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникaлык илимдер. 2). Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талаптарды койбостон. 3). Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүүсү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди. – билгичтиги : – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – документтерди, маалыматтарды, суроо – талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; – кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; – жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; – мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; – командада иштөө. – Көндүмдөрү; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), – өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү(иш стажы бар болсо) ; – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт). Белгиленген талаптарга туура келген документтерди жана маалыматтарды жарыяланган күндөн баштап 10 календардык күндүн ичинде саат 9-30 дан 17-30га чейин тапшыруу керек. Дареги: Манас району, Покровка айылы, К.Жаманкулов көчөсү №123, Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, телефон: (03459) 2-25-63, мобилдик номер: 0505916808. Жазуулар боюнча багыттоо Манас райондук билим берүү бөлүмү Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү