Манас районунун Кыргызстан айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»
мыйзамынын негизинде улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар
резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Манас районунун Кыргызстан айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс
төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун ( чыгаша
багыты боюнча , компьютердик технология IT багыты боюнча) ээлөөгө.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык
талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;
2) 18 жаштан жаш болбоого;
3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
1) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (чыгаша багыты боюнча )
үчүн:
–Экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку же болбосо орто
кесиптик билим;
— иш стажына талаптар коюлбайт;
– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө» Мыйзамын.
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы
мыйзамдарды:
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини жөнүндө Конституциялык
Мыйзамы”;
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;
Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”;
Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси»;
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын билүүсү зарыл.
Кызматтык милдеттерин аткаруу учун зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана
расмий тилди билуу.
— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны
практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө:
-көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды
колдоно билүү.
2) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (компьютердик технология
IT багыты боюнча ) үчүн:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
•тийиштүү багыттагы жогорку же орто кесиптик билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажысына талап коюлбайт;
– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө» Мыйзамын.
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү
тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер
Кабинети жөнүндө Конституциялык Мыйзамы;
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары жөнүндө”
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
жана/же расмий тилдерди билүү;
• билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
• көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар
же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды
тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан
күндөн баштап 15 календарлык күндүн ичинде саат 9-30 дан 17:30 га чейин тапшыруу
керек.
Дареги: Манас району, Талас айылы, Ч.Айтматов көчөсү № 4, Кыргызстан айыл
өкмөтүнүн имараты, Моб. 0701 77 33 16