Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отуруму болууда
Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин төрагалыгында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отуруму өтүүдө
2024-жылдын 22-февралы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынган. Ошондой эле, 2024-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыкка кол койгон.
Кудайберген Базарбаев иш-чарада мындай деди:
“Бүгүн биз “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга арналган ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйынын өткөрүп жатабыз.
Бүгүнкү жолугушуу бул олуттуу маселени сапаттуу жана татыктуу кызмат көрсөтүүнү, сөөк коюу менен чек араларды, ченемдерди сактоону жана жарандарды социалдык коргоону камсыз кылуудагы маанилүү кадам.
Кыргыз Республикасында ар бир адам каза болгондон кийин керээзи боюнча каадаларды жана салттарды, диний жана табынуу үрп-адаттарын сактоо менен жайга коюлууга укуктуу. Сөөктү жайга коюу жалпыга таанылган адеп-ахлактын, этиканын принциптерине каршы келбеген дин тутуу каадаларын жана салттарын эске алуу менен жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын элинин көпчүлүгү тутунган ислам дининде сөөктү жайга коюнун өзүнчө үрп-адаттары жана маркумду узатуунун ырасымдары жана эрежелери бар. Мусулмандардын мүрзөлөрүндөгү эстеликтердин сырткы көрүнүшүнө катуу талаптар коюлат: бул салттар христиан жана башка диндерден айырмаланып турат”,- деди ал.
Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 528 тескемеси менен түзүлгөн.