Кудайберген Базарбаевдин катышуусунда министрлер жана административдик ведомстволорунун жетекчилери үчүн «Инновациялар жана маалыматтык технологиялар» темасында маалыматтык-окутуучу семинар болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 5-жылдын 2024-апрелиндеги «2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоонун Концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык өткөрүлдү.
К.Б. Базарбаев окутууну ачууда сүйлөгөн сөзүнөн: бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасына ылайык, коомду жана мамлекетти түп-тамырынан жаңылоо боюнча алдыбызда турган жаңы саясий, экономикалык жана социалдык милдеттер, кадр саясатында принципиалдуу жаңы ыкмаларды колдонуу талабы турат. Мамлекеттик кадрларга болгон көз караш, коюлган талап, негизи эле мамлекеттик кызматка болгон мамиле чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп турган мезгил. Себеби, жылдан жылга инновациялык жана маалымат технологиялардын өнүгүшү, биздин жашоо, иштөө жана баарлашуу ыкмасын технологиялык өнүгүүнүн жаңы доорун ачты. Семинар республиканын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин инновациялык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн алуунун жардамы менен мамлекеттик кызматты туруктуу өнүктүрүүнү калыптандырууга багытталган- деп белгилеп кетти.