Москва райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы бош административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт: Москва райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы. «Мамалекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык казматтын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орнандарынын кадрларынын резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, – Өкмөт, анын түзүлүшү жана иштери, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бош административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт: Мамлекеттик кызматтын бош административдик кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө: Москва райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кадрдык резервине кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: 1. Кыргыз Республикасынын жараны болуу керек; 2. Кеминде 21 жашта болуусу керек; 3. Кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда бул кызматка белгиленген квалификациялык талаптарды сактоо. Бош административдик кызмат орундарынын улук тобунун: – жогорку билим; – мамлекеттик жана муниципалдык стажы биргеликте 1-жыл же профессиясы менен 3- жылдан кем болбошу керек. Кесиптик компетенттүүлүгү. Төмөнкүлөрдү билүү: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР-нын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө” мыйзамы, “Коррупцияга каршы” мыйзамы, КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3- мартындагы №120 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама, Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодекси, КР-нын «Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамы, КР-нын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Мыйзамы, КР-нын «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамы, КР-нын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдектери жөнүндө» Мыйзамы. Конкурска катышууну каалаган талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат — https://kyzmat.gov.kg/kg. Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) тиркелет: Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет: – жеке арыз: -кадрларды эсепке алуу баракчасы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); – омур баян (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат-аныктама көрсөтүү); – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш тажрыйбасы менен) нотариалдык жактан же акыркы иштеген жеринде тастыкталган; – негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо), нотариалдык жактан же акыркы иштеген жеринде тастыкталган; – илимий даража жана каттоо наамын ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – паспорттун көчүрмөсү; Документтер кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде, 17.11.2025-жылдан 28.12.2025-жылга чейин Москва району, Беловодск а. көч. Ленина 25, Москва райондук мамлекеттик статистика башкармалыгынын имараты, 2-кабат, кабинет. 205. Сурап билүү телефону: (03131) 5-27-31 Жазуулар боюнча багыттоо Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт