Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын төмөнкү топтору боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт: – административдик муниципалдык бош кызмат орундарынын улук тобунун ээлөөсүнө – административдик муниципалдык бош кызмат орундарынын кенже тобунун ээлөөсүнө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: 1. Кыргыз Республикасынын жараны болушу; 2. Кеминде 18 жашта болушу; 3. Кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү. Талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1.Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу үчүн: – тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (финансалар, экономика жана башкаруу, бухгалтердик эсеп, аудит, салыктар жана салык салуу, юридикалык, айыл чарба) – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиби чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; – негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; – КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; – предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы. 2. Административдик муниципалдык орундарынын кенже тобу үчүн: – тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку же болбосо орто кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, финансалар жана экономика, геодезия жана жерге жайгаштыруу, айыл чарба, архитектура жана курулуш); – иш стажына талаптар коюлбайт; – негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; – предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы. Тандоого катышуу үчүн папкага тигилген төмөнкү дөкументтер тапшырылат: – административдик муниципалдык кызмат тобун көрсөтүлгөн өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); – өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ( бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү; Документтер Москва району, Темен-Суу а., Карла-Маркс к. 4 Ак-Суу айыл өкмөтүнүн имараты дарек боюнча 2024-ж. 06-декабрынан баштап 16-декабрына саат 17.00го чейин кабыл алынат. Байланыш телефон 03131 70877 Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтү Кемин райондук ветеринардык башкармалыгы