Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын төмөнкү топтору боюнча Төлөк айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт: Административдик муниципалдык бош кызмат орундарынын улук тобунун ээлөөсүнө Төлөк айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: 1. Кыргыз Республикасынын жараны болушу; 2. Кеминде 18 жашта болушу; 3. Кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү. Талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1.Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу (Инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис) үчүн: – тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (финансалык, экономика жана башкаруу, бухгалтердик эсеп, аудит, салыктар жана салык салуу, юридикалык) – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиби чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; – негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; – КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; – предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы. – Кыргыз Республикасынын Салык кодекси – Кыргыз Республикасынын Бюжеттик кодекси – Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу» жөнүндө Мыйзамы Конкурска катышууну каалаган катышуучулар мамлекеттик «е-Kyzmat» порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат: – Тандоого катышуу үчүн папкага тигилген төмөнкү дөкументтер тапшырылат: – административдик муниципалдык кызмат тобун көрсөтүлгөн өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); – өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ( бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү; Документтер Москва району, Спартак а., Ленин к. 84 Төлөк айыл өкмөтүнүн имараты дарек боюнча 30-январынан 13-февралына саат 17.00го чейин кабыл алынат. Байланыш телефон +996551002473 Жазуулар боюнча багыттоо Чүй райондор аралык эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция башкармалыгы ачык конкурс жарыялайт Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы ачык сынак жарыялайт