Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын төмөнкү топтору боюнча Төлөк айыл өкмөтүнүн
кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт:
— административдик муниципалдык бош кызмат орундарынын улук тобунун ээлөөсүнө Төлөк айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1. Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2. 18 жаштан жогору;
3. Кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү.
Талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1. Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу (социалдыкэкономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы) үчүн:
— тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (финансалык, экономика жана башкаруу, бухгалтердик эсеп, аудит, салыктар жана салык салуу, юридикалык)
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиби чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
— негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
— КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
— предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү;
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Салык кодекси — Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси.
2. Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу (Инвестиция жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис) үчүн:
— тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (финансалык, экономика жана башкаруу, бухгалтердик эсеп, аудит, салыктар жана салык салуу, юридикалык)
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиби чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
— негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
— КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
— предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: — Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы.
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси
— «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы.
Тандоого катышуу үчүн папкага тигилген төмөнкү дөкументтер тапшырылат:
— административдик муниципалдык кызмат тобун көрсөтүлгөн өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ( бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү;
Документтер Москва району, Спартак а., Ленин к. 84 Төлөк айыл өкмөтүнүн имараты дарек боюнча 2025-жылдын 9-июлунан 22-июлунун саат 17.00го чейин кабыл алынат. Байланыш телефон +996551002473