Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана аларды иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 15-майындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн региондук кадрлар резервине, ошондой эле, республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине сынак өткөрүү жөнүндө” № 01-25/150 буйругуна ылайык, Агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгы тарабынан              2024-жылдын 20-21-22-май күндөрү райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын кызмат орундарына документ кабыл алынган, ал эми айыл өкмөт башчы кызмат ордуна туруктуу негизде документ кабыл алынып жатат.

Ош шаарында компьютердик тестирлөө:

— 2024-жылдын 12-июнь күнү райондук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна,

— 2024-жылдын 10-июнь күнү райондук маанидеги шаардын мэри кызмат ордуна,

— 2024-жылдын 11-июнь  күнү айыл өкмөт башчы кызмат ордуна өткөрүлгөн.

Ал эми, 2024-жылдын 1-июль күнү Ош шаарында аңгемелешүү өткөрүлүп, жыйынтыгында:

— райондук маанидеги шаардын мэри кызмат ордуна муниципалдык кадрлар резервине сунушталгандар 3;

— райондук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна муниципалдык кадрлар резервине сунушталгандар 2;

— айыл өкмөт башчы кызмат ордуна муниципалдык кадрлар резервине сунушталгандар 1.