Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен жеке арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),
  • өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт);
  • дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери;
  • Дело (документтер үчүн)

Документтер жарыя чыккан күндөн тартып жумушчу 10 күндүн ичинде саат 18-00го чейин, Нарын шаарынын Ленин 242-б көчөсүндөгү Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кеңсесинде кабыл алынат.  Тел.: 0709 090966.

Коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска катышууга жолдомо ала алышпайт.

Конкурстун өтүү күнү жана орду тууралуу кошумча маалымдалат.

Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар

  1. Жалпы жоболор

 1.1. Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар (мындан ары – Квалификациялык талаптар) “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты;

1.2. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы (мындан ары — Башкармалык) функциялар же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөргөн учурда жүргүзүлөт;

1.3. Кошумча Квалификациялык талаптар Башкармалыктын адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды камтыйт;

1.4. Бардык административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө милдеттүү талаптар белгиленет.

  1. Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын

 башкы адисине (У-Б)  коюлуучу квалификациялык талаптар

 Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси  мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын У-Б тобуна кирген мамлекеттик кызмат орду болуп саналат.

Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигине түздөн-түз баш ийет.

2.1. Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын  башкы адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин денгээли:

жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы же ошол багыттагы педагогикалык билимге артыкчылык берилет).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153 «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы,            «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67 Мыйзамы,Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» кодексин милдеттүү түрдө;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасын, Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр  спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө” № 776 токтому менен бекитилген типтүү жобосун жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды;            — кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;            компьютердик жана уюштуруу техникасын, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

  1. Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын адисине коюлуучу квалификациялык талаптар (К-Б)

 Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын адиси  мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын К-Б тобуна кирген мамлеккеттик кызмат орду болуп саналат.

Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигине түздөн-түз баш ийет.

3.1. Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин денгээли:

жогорку билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

            Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153 «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы,            «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67 Мыйзамы,Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» кодексин милдеттүү түрдө;

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Улуттук архив фонду жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасын жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды;               — кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;