Башкы административдик кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли жогорку билим (баардык багыттагы)

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы тестирлөө:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

11. КР “”Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы.

Предметтик тестирлөө:

1. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө”;

2. КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген “КР мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосун;

3. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;

4. Кыргыз Республикасынын «Административдик аймактын түзүлүшү жѳнүндѳ» Мыйзамы;

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.

– билгичтиги: 

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

– көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли жогорку билим (баардык багыттагы);

2) иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы тестирлөө: 

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама.

7. КР “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы

Предметтик тестирлөө:

1. КР Бюджеттик кодексин;

2. Салык кодекси;

3. Жер кодекси;

4. КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын;

5. КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын;

6. КР “Бейсалымдык төлөмдөр жөнүндө” Мыйзамын;

7. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын;

8. КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамын;

9. КР “Инвестициялар жөнүндө” Мыйзамын.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

– билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

– көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер электрондук форматта жеке кабинет аркылуу кабыл алынат.

Талап кылынуучу документтер:

– конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

– резюме, өмүр баян (сотолбогондугу жөнүндө маалымат камтыган);

– паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

-билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү;

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү ;

Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

Документтерди кабыл алуу Жумгал районундагы Жумгал айыл өкмөтүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кабыл алынат.