Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар; Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; 3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; 4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар; 1) Гуманитардык жана юрисприденция багытында: – Улук кызмат орундары – жогорку билим; 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – Жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары; «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”; Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы №306 «Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү Айыл чарба жерлерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому; Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын19-июнундагы №386 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу өкмөтүнүн токтому; Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – Билгичтиги: Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; Аналитикалык документтерди даярдоо; Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; Эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы). Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага коктоп тапшыруу керек: – Өзүнүн арызы; – Резюме (электрондук почтаны корсотуу менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – Паспорттун көчүрмөлөрү; Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт. Документтерди кабыл алуу Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кабыл алынат. Жазуулар боюнча багыттоо Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарына резервин түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы, улук жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына резервин түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт