Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. 5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама Башкы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар 1) Жогорку билим (баардык багыттагы); 2) Иш стажы жана тажрыйбасы; – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөндөгүлөрдү билүү: Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Суу кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому; Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар; 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар; 1) Баардык багыттагы жогорку билим: – Улук кызмат орундары – жогорку билим; 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Тиешелүү тармактагы мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”; Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Билгичтиги: Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; Аналитикалык документтерди даярдоо; Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; Эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы). Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (уюлдук номерин, электрондук почтаны, жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), – соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат – өздүк таржымал (өмүр баян), – негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү; – Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу; – паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт). Конкурска катышууну каалаган адамдар мамлекеттик “e-kyzmat” порталындагы жеке кабинет аркылуу (https://kyzmat.gov.kg/kg) электрондук форматта өтүнмөнү, белгиленген талаптарга туура келген электрондук документтерди жана маалыматтарды 2026-жылдын 2–мартынан баштап 12-мартына чейин саат 9-00 дан 17-00го чейин тапшыруу керек. Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт. Документтерди кабыл алуу Жумгал районундагы Миң-Куш айыл өкмөтүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кабыл алынат. Жазуулар боюнча багыттоо Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде административдик жарандык кызмат орундун улук тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы, улук административдик муниципалдык кызмат орундарына резервин түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт