Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
    3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
    5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
    7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
    8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
    9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Башкы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

1) Тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, техникалык, юридикалык, гуманитардык, экономикалык жана айыл чарба жагындагы  багыттар ж.б);

2) Иш стажы жана тажрыйбасы;

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөндөгүлөрдү билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
  2. Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндөгү Конституциялык мыйзамы”;
  3. Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;
  4. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси»;
  5. Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
  8. Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы;
  9. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» Мыйзамы;

 

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Билгичтиги:

Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

Аналитикалык документтерди даярдоо;

Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

Эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).

 

Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага коктоп тапшыруу керек:

— Өзүнүн арызы;

— Резюме (электрондук почтаны корсотуу менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— Паспорттун көчүрмөлөрү;

 

            Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

Конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жавйгаштырылган күндөн тартып Сары-Булак айылы, М. Алиев көчөсү №33 дареги боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат.