Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөы” Мыйзамын;
Кенже кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— Тийиштүү багыттагы жогорку же атайын орто кесиптик билим (ветеринардык, зооветеринардык багыты);
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажына талап коюлбайт;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамды;
- «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамды;
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл;
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
— Билгичтиги:
Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
Аналитикалык документтерди даярдоо;
Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
Эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— Көндүмдөрү:
Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).
Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага коктоп тапшыруу керек:
— Өзүнүн арызы;
— Резюме (электрондук почтаны корсотуу менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— Паспорттун көчүрмөлөрү;
Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.
Конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып Сары-Булак айылы, М. Алиев көчөсү № 33 дареги боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат.