Ноокат райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 Жарлыгынын негизинде административдик улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадралар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат : Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн (иш стажы бар болсо); Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; Паспорттун көчүрмөсү; Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек : Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн : Кесиптик билим деңгээли : Жогорку билим :Гуманитардык илимдер:.Экономика жана башкаруу ; Социалдык илимдер ; Педагогикалык билим берүү ; Табигый –илимий билим берүү ; Техникалык илимдер. Иш стажына талаптар коюлбайт; 2.Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн : Кесиптик билим деңгээли : Жогорку билим; Гуманитардык илимдер:.Экономика жана башкаруу ; Социалдык илимдер ; Педагогикалык билим берүү ; Табигый –илимий билим берүү ; Техникалык илимдер. – Иш стажы жана тажрыйбасы : -жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик кызматта же кесиби боюнча үч жылдан кем эмес эмгек стажы ; Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн : – Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү ; – Компьютердик сабаттулук жана керектүү прогораммалык продуктыларды билүү ; Жөндөмдүүлүгү : – Социалдык маселелерди талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү ; – электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү ; – издөө системаларын колдонуу; – ар кандай браузерлер менен иштөө ; -презентацияларды уюштуруу ; – маалыматтарды таблицалар,диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү ; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдаланууга; – кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү; Көчүрмө аппараттар, принтер,сканер,проектор же интерактивдүү такта,факс. Негизги тестирлөө үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү : Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама . Тийиштүү кызмат орду боюнча мыйзамдарды билүүсү зарыл ll.Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн; Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы; Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө; Кыргыз Республикасынын мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Тийиштүү кызмат орду боюнча мыйзамдарды билүүсү зарыл Документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Ноокат шаары Ленин көчөсү -12 Ноокат райондук эмгек , социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору 0(3230)5-01-87-,0553-12-06-05 Жазуулар боюнча багыттоо Ош шаарынын мэриясынын административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынактын тексти Жоош айыл өкмөтү ички кадрлар резервке киргизүү үчүн сынак жарыялайт.