Ноокат райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы  административдик улук  жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадралар резервине киргизүү үчүн  ачык конкурс жарыялайт.

  1. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат :
  • Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн (иш стажы бар болсо);
  • Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  1. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек :
  2. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн :

Кесиптик билим деңгээли;

Жогорку билим;

Гуманитардык илимдер;

Экономика жана башкаруу;

Социалдык илимдер;

Педагогикалык билим берүү;

Табигый –илимий билим берүү;

Техникалык илимдер.

  • Иш стажына талаптар коюлбайт;

        2.Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн :

Кесиптик билим деңгээли : Жогорку билим; Гуманитардык илимдер:.Экономика жана

башкаруу ; Социалдык илимдер ;  Педагогикалык билим берүү ; Табигый –илимий

билим берүү ;  Техникалык илимдер.

—    Иш стажы жана тажрыйбасы : -жалпысынан  бир жылдан кем эмес мамлекеттик

кызматта же кесиби боюнча үч жылдан кем эмес  эмгек стажы  ;

  1. Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн :

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий

тилдерди билүү ;

— Компьютердик сабаттулук жана керектүү прогораммалык продуктыларды билүү ;

  1. Жөндөмдүүлүгү :

— Социалдык маселелерди талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн

маалымат өндүрүү ;

— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү ;

— издөө системаларын колдонуу;

— ар кандай браузерлер менен иштөө ;

-презентацияларды уюштуруу ;

— маалыматтарды таблицалар,диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү ;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдаланууга;

— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

Көчүрмө аппараттар, принтер,сканер,проектор же интерактивдүү такта,факс.

Негизги тестирлөө үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү :

  1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама .
  • Тийиштүү кызмат орду боюнча мыйзамдарды билүүсү зарыл

       ll.Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн;

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Тийиштүү кызмат орду боюнча мыйзамдарды билүүсү зарыл

Документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Ноокат шаары

Ленин көчөсү -12

Ноокат райондук эмгек , социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы

Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору 0(3230)5-01-87-,0553-12-06-05