Ноокат районунун Кара-Таш  айыл өкмөтү башкы, улук жана кенже топтогу административдик кызмат орундарына ички кадрлар резервине киргизүү үчүн    сынак жарыялайт.

 

Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

  1. Орун басар
  2. Жооптуу катчы

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “КР Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама (2020-жылдын 3-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №120 токтомуна)
  • Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы.

 

Билгичтиги:

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
  • алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
  • чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

Көндүмдөрү:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Улук жана кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

  1. Экономикалык багытта
  2. Кадрлар жана иш кагаздары, укуктук багытта
  3. Айыл чарба, санарип аймак тармагы
  4. Социалдык тармак

Кесиптик билимдине коюлуучу талаптар:

Улук топтор үчүн;

Жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)

Кенже топтор үчүн;

Жогорку билим же орто кесиптик билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Социалдык иштер боюнча)

 Иш стажы жана тажрыйбасы:

Улук топтор үчүн;

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 Кенже топтор үчүн;

— иш стажына талап коюлбайт;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Улук топтор үчүн;

Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамы
  • КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама (2020-жылдын 3-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №120 токтомуна)

Билгичтиги:

— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— аналитикалык документтерди даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана   практикада колдонуу;

— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Кенже топтор үчүн;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

Билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу учун төмөндөгү документтер керектелет:

— жеке арызы  

резюме

— өмүр баян

— кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы

— фото сүрөт  2 даана

-паспортунун же инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка документинин көчүрмөсү;

-аскердик билет

-зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү, алар нотариалдык түрдө  же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүп ырасталышы керек)

Документтерди кабыл алуу: жарыя сайтка чыккан күндөн  баштап 10 жумуш күндүн  ичинде кабыл алынат.

Дареги: Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл өкмөтүнүн С.Тагаев атындагы көчөсү,71

Маалымат үчүн тел.: 0773 068609, 0706068609, 0775060657

Конкурстун өтө турган күнү жана жайы жөнүндө квалификациялык талаптарга жооп берген жарандарга кошумча билдиребиз.