Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгындагы жетектөөчү адис жана адис кызмат орундарына дайындоо үчүн кардрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Кадрлар резервине киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

  1. Документтерди кароо;
  2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө компьютердик тестирлөө;
  3. Аңгемелешүү;

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

Башкармалыктын жетектөөчү адис кызмат орундарына – жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер;

Иш стажы жана тажрыйбасы:

Иш стажына талаптар коюлбайт;

Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдырын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Тийешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Үй бүлө кодекси”;
  4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамы;

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

— Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны -талдоо жана практикалык иште колдонуу;

-Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

-Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-Мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-Командада иштөө;

Көндүмдөрү:

-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

 

Башкармалыктын адис кызмат орундарына – жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер;

Иш стажы жана тажрыйбасы:

Иш стажына талаптар коюлбайт;

Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдырын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Тийешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө кодекси”;
  3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамы;

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

— Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны -талдоо жана практикалык иште колдонуу;

-Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

-Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-Мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-Командада иштөө;

Көндүмдөрү:

-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

-Тиркеме ылайык форма боюнча өзүнүн арызы;

-Тиркемеге ылайык форма боюнча резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), сүрөтү, өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизи жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

-Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

-Илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

-Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 

2024-жылдын 14-февралынан тартып 24-февралына чейин.

Дареги: Өзгөн шаары, Гагарин көчөсү 2 (башкармалыктын 1-кабаты           106-кабинет)

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылыныздар: Тел (03233) 5-05-36, 0554 94-15-94