Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн: 1) Кесиптик билимдин деңгээли: — жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Юриспруденция”, “Гуманитардык илимдер», “Педагогикалык билим берүү”, “Социалдык илимдер”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: — жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: — Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; – Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; – Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; – Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: Экономика тармагы боюнча: -Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы. Социалдык тармак боюнча: – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүдө” мыйзамы ; – Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамы. Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; • Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, infodocs жана башкалар). Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: — сынактык комиссиянын төрагасынын дарегине жазылган жеке арызы; — кадрларды каттоо баракчасы; — 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт; — резюме; — паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт); — жогорку билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн); — өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) ; -эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн). Документтерди кабыл алуу жарыя ММК жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндө төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Ноокен району, Масы айылы, Турдумбетов көчөсү 37, 3-кабат, 41-бөлмө. Кошумча маалымат алуу үчүн тел: (03734)5-00-05, 5-00-69, факс: 5-00-20 Эскертүү:-белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалым аттарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын У-Б тобуна кирген мамлеккеттик кызмат ордуна сынак жарыялайт Көк-Жаңгак шаардык мэриясы үй-бүлөө, балдар жана жаштар иштери боюнча адис ваканттык бош кызмат орунуна жана кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт