2024-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик Башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлеринин квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевич сөз сүйлөп, курстун максаттары менен катышуучуларды тааныштырды. Курста тайм-менеджмент жана анын жетекчилик ишиндеги ролу жана ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердигиндеги долбоордук мамиле темасында өткөрулдү. Жазуулар боюнча багыттоо 2024-жылдын 26-июнунда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин төрагалыгы алдында административдик-аймактык реформанын жүрүшү тууралуу тегерек стол болуп өттү. Агенттиктин директору К.Б. Базарбаевдин тапшырмасы менен райондук маанидеги мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди муниципалдык кадрлар резервине киргизүүгө конкурсу Агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Медер Алышбаевдин төрагалыгы алдында болуп өттү.