I. Башкы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар: 1).Кесиптик билимдин деңгээли: – Жогорку билим, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча 2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы; 3) ЧУАнын тизмеси: 1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2)“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; 3)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 4)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ; 5)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7)“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8)“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10)“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”. II. Улук кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар: 1).Кесиптик билимдин деңгээли: – Жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча 2). Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) ЧУАнын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3. “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4. ”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5. “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6. “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. III. Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар: –Кесиптик билимдин деңгээли: – Жогорку билим же орто кесиптик билим ,мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыты боюнча -Иш стажы жана тажрыйбасы: – Иш стажына талап коюлбайт. ЧУАнын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. ”Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; IV. Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн: -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; -компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы). Талапкерлер төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл: -өздүк арыз; -резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен) -кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы; -сүрөт 3х4 өлчөмүндө (2 даана) ; -билими тууралуу диплом (көчүрмөсү, наториалдык жактан тастыкталган); -эмгек китепчеси ( нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); -жарандык паспорт (көчүрмөсү); -өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); Документтерди кабыл алуу мөөнөтү сынак өткөрүү жөнүндө жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Учкун айылы, Кыргызстан 60 жылдык көчөсү- 46. Жазуулар боюнча багыттоо Кадамжай шаардык мэриясынын жана мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурс жарыялайт! Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.