Орозбеков айыл өкмөтү  муниципалдык кызматтын улук жана кенже топтогу административдик  кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн  ачык сынак жарыялайт:

  1. Улук кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:
  2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы-бөлүм башчы (У-А):

1).Кесиптик билимдин деңгээли: 

-жогорку билим – финансылык- экономикалык багыттары боюнча.

2).Иш стажы жана тажрыйбасы:  -жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

 Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
  1. Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

-Кесиптик билимдин деңгээли: — Жогорку билим же орто кесиптик билим ,мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыты боюнча

-Иш стажы жана тажыйрыбасы: — Иш стажына талап коюлбайт.

 3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:

 -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

-компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы).

Талапкерлер  төмөнкү  документтерди алып келүүсү зарыл:

-өздүк арыз;

-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)

-кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы;

-сүрөт 3х4 өлчөмүндө (2 даана) ;

-билими тууралуу диплом (көчүрмөсү, наториалдык жактан тастыкталган); 

-эмгек китепчеси ( нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);

-жарандык  паспорт (көчүрмөсү);

-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү сынак өткөрүү жөнүндө жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.

Дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Учкун айылы,  Кыргызстан 60 жылдык көчөсү- 46.