Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы улук административдик мамлекеттик кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.

Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адисине коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)  

Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси  мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын У-Б тобуна кирген мамлеккеттик кызмат орду болуп саналат.

Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигине түздөн-түз баш ийет.

Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) Кесиптик билимдин денгээли:

жогорку билим: (Дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасын

 Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр  спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө” № 264 токтому менен бекитилген типтүү жобосун;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;

– билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

– көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен жеке арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт);
  • дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери;
  • дело (документтер үчүн).

Документтер Агенттиктин сайтына (mkk.gov.kg) жарыяланган күндөн тартып 2026-жылдын 20-февраль күнү саат 18-00гө чейин, Ош шаарынын Сай-Бою 5 көчөсүндөгү Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кеңсесинде кабыл алынат.  Тел.: 4-80-35,0997 35 35 83

Коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска катышууга жолдомо ала алышпайт.

Конкурстун өтүү күнү жана орду тууралуу кошумча маалымдалат.