Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы башкы административдик мамлекеттик кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт. Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигинин орун басары – 1 штаттык бирдик (Б–Б) : Квалификациялык талаптар: жогорку билим: (Дене тарбия жана спорт – адистигине артыкчылык берилет). Иш стажы жана эмгек тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы үч жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стаж. Кесиптик компетенттүүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»; Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020–жылдын 3–мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин; Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзамын; Жаш балдардын укугу жөнүндө конвенцияны; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 “Кыргыз Республикасынын спорттук мекемелеринин типтүү жобосун жана типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” Токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” Токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө” Токтому. Билгичтиги: аракеттердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо; тез башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыкмаларды колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн издөө; өз убактысын натыйжалуу пландаштыруу; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү. Көнүмдөрү: ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу; райондук балдар–өспүрүмдөр спорт мектептеринин ишин көзөмөлдөө (башкармалыктын кызматкерлери ортосунда тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын жогорку сапатта түшүндүрүү, оперативдүү даярдоо, башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жацы формаларын жана методдорун өздөштүрүү); маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; чыр–чатакты чечүү; натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү; компьютердик сабаттуулук жана керектүү программаларды билүү (Windows, Word, Excel, Power Point, “Инфодокс”, ОЭП электрондук документ жүгүртүү системалары). Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер: – конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен жеке арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт); – дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн); – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн); – билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери; – дело (документтер үчүн). Документтер: жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде Ош шаары, Сай-Бою көчөсү – 5/1 дареги боюнча Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кеңсесинде кабыл алынат саат 09:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат. Байланыш үчүн тел.: 0(3222) 4-80-35,0702 261 220 Коюлган квалификациялык талапка жооп бербеген жарандар конкурска катышууга жолдомо ала алышпайт. Жазуулар боюнча багыттоо Ош облусунун Алай районун Жаңы-Алай айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт. Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айылдык аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторун ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт