Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ош облустук статистика башкармалыгынын улук жана  кенже  административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине ачык сынак жарыялайт

  • улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө (У-А, У-Б)
  • кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө (К-А, К-Б);
  • Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондук статистика бөлүмдөрүнө (У-А, У-Б) жана (К-А, К-Б)

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, административдик мамлекеттик улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

— улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө (У-Б);

— кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө (К-А, К-Б);

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топтору үчүн жалпы квалификациялык талаптар

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) мамлекеттик жарандык кызмат үчүн — 21 жаштан жаш болбоого;

3) кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  3. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
  4. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын.

Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын.

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли: багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:

-жогорку кесиптик билими; — “Экономика жана башкаруу” багыты боюнча; “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика”, “Фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар”;  “Айыл чарба жана айыл чарба илимдери” багыттары боюнча баары.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенциялар:
Билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын: «Расмий статистика жөнүндө»; «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жобосу”
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” жобосу
  3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабры № 308 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө”

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли: багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:

            — жогорку кесиптик билими; — “Экономика жана башкаруу” багыты боюнча; “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика”, “Фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар”;  “Айыл чарба жана айыл чарба илимдери” багыттары боюнча баары.

Иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талаптар коюлбайт.
Кесиптик компетенциялар:
Билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын: «Расмий статистика жөнүндө»; «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө»;
  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жобосу”

Жөндөмдүүлүк:

— маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— аналитикалык документтерди даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны     практикада колдонуу;

— кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;

— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

— жаңы эмгек шарттарына көнүү;

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

— мамлекеттик же/жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө.

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

— издөө системаларын колдонуу;

— ар кандай браузерлер менен иштөө;

— кесиптик этиканын стандарттарын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

— оргтехника менен иштөө;

— көчүрүүчү машиналар менен иштөө;

— принтер менен иштөө;

— сканер менен иштөө;

— проектор же интерактивдүү доска менен иштөө;

— факс менен иштөө.

Көндүмдөр:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер (атайын папкада тиркелген):

— Өздүк арызы;

— Таржымал (резюме) сүрөтү жана электрондук дареги, телефон номерин көрсөтүү менен;

— Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);

— Өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— Негизги жана кошумча билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);

— Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);

— Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— Сунуштама кат (мүмкүнчүлүк болсо артыкчылык берилет);

— Паспорттун көчүрмөсү.

 

Документтер 2024-жылдын 23-сентябрынан тартып 7-октябрына чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 8:30дан 17:30га чейин.

Дареги: Ош ш., Курманжан-Датка к. 236, Ош облустук статистика башкармалыгы, № 309-кабинет.

Байланыш телефондор: 03222 7-10-22

Конкурс https://stat.gov.kg , https://mkk.gov.kg сайттарында жарыяланат.