Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт         

Башкы  административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
  8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
  9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  10. Кыргыз Республикасынын “ Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын “ Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Жаңы-Алай айыл өкмөттүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А)

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестрине ылайык, муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын негизги тобунун Б-А категориясына кирген административдик кызмат ордун ээлеген муниципалдык кызматчы болуп саналат.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы түздөн-түз айыл өкмөтүнүн башчысына баш ийет.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы убактылуу жок болгон мезгилде анын функционалдык милдеттерин башкы адис аткарат.

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, гуманитардык, табигый илимдер).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө”  Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси”.

– билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;

өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

кириш-чыгыш документтер менен иштөө;

айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо,

эмгек мыйзамдарын сактоо;

инвестицияларды тартуу;

бизнес долбоорлорду даярдоо;

жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу.

көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы  кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А) 

Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестрине ылайык, муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын негизги тобунун У-А категориясына кирген административдик кызмат ордун ээлеген муниципалдык кызматчы болуп саналат.

Финансы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы түздөн-түз айыл өкмөтүнүн башчысына, башчысынын орун басары-жооптуу катчысына баш ийет.

Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы убактылуу жок болгон мезгилде анын функционалдык милдеттерин башкы адис аткарат.

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

  • тийиштүү багыттагы жогорку билим (Финансылык, экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, тейлоо сферасы);

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы Кыргыз Республикасынын   Министирлер Кабинети жөнүндө»;

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

  • билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башкы адис – юрист кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

Башкы адис – юрист Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестрине ылайык,  муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын негизги улук тобунун У-Б категориясына кирген административдик кызмат ордун ээлеген муниципалдык кызматчы болуп саналат.

Юрист-башкы адис түздөн-түз айыл өкмөтүнүн башчысына, башчысынын орун басары-жооптуу катчысына баш ийет.

Юрист-башкы адис убактылуу жок болгон мезгилде анын функционалдык милдеттерин башкы адис аткарат.

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Юриспруденция).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө Конституциялык Мыйзамы;

«Укук бузуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодекси;

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

– билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

айыл өкмөттүн чечимдерин укуктук талдоо;

аймактагы аялдардын жана балдардын укуктарын жана бардык мыйзамдардын ченемдерин сактоо;

укук коргоо органдарына сотторго кайрылууда калкка жардам көрсөтүү.

– көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

Жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестрине ылайык,  муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын негизги улук тобунун У-Б категориясына кирген административдик кызмат ордун ээлеген муниципалдык кызматчы болуп саналат.

Жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис түздөн-түз айыл өкмөтүнүн башчысына, башчысынын орун басары-жооптуу катчысына баш ийет.

Жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис убактылуу жок болгон мезгилде анын функционалдык милдеттерин жетектөөчү адис аткарат.

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери,  геодезия жана жерге жайгаштыруу,  автоматташтыруу жана башкаруу, техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштуруу жана  гидромерология, архитехтура жана курулуш, токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү,  гелогия, чалгындоо жана кендерди иштетүү багытындагы).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

– Кыргыз Республикасынын Суу Кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

–   Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;

–   Кыргыз Республикасынын “ Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Мыйзамы;

–   Кыргыз Республикасынын “ Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы.

– билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

– көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык иштер боюнча башкы адис – кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

Коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык иштер боюнча башкы адиси Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестрине ылайык,  муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын негизги улук тобунун У-Б категориясына категориясына кирген административдик кызмат ордун ээлеген муниципалдык кызматчы болуп саналат.

Коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык иштер боюнча башкы  адиси түздөн-түз айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчыга баш ийет.

Коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык иштер боюнча башкы адис убактылуу жок болгон мезгилде анын функционалдык милдеттерин башкы адис аткарат (же болбосо жетектөөчү адис).

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Экономика жана башкаруу, тейлоо сферасы, маданият жана искуство, социалдык илимдер гуманитардык илимдер, педагогикалык билим берүү, табият таануу илимдери, саламаттыкты сактоо, юриспруденция).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Мыйзамы.

– билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

– көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 

Кабыл алынуучу документтердин тизмеси:

жеке арызы;
– резюме;
– өмур баян (соттолгон же соттолбогондугун көрсөтүү менен);
– кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы
– фото сүрөт 2 даана;
– паспортунун же инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка документинин
көчүрмөсү;
– иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек
китепчесинин көчүрмөсү);
– диплому (нотариустан тастыктоо менен же акыркы иштегеген жеринен
күбөлөндүрүлгөн);
– аскердик билетинин көчүрмөсү.

Документтер жарыя сайтка чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Ош облусу Алай району Жаңы-Алай айылы, И.Умаров көчөсү – 12 дареги боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат.

Маалымат үчүн тел.:  0550 51 57 54