Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайку айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна конкурс жарыялайт.

Башкы топтогу кызмат орундарына квалификациялык талаптар

Алайку айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы (Б-А)

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык-экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык илимдер, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактарында).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы”;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси”;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамы ;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө”  Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

  • Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекс;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн ,аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо;
  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.

Билгичтиги:

– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

–  түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

–  башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

–  кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

–  алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

–  өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

–  ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

–  чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

Көндүмдөрү:

–  аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

–  түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

–  маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

–  ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

–  натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

–  компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Улук  топтогу административдик  муниципалдык кызмат орундарына  квалификациялык талаптар

Финансы-экономика  бөлүмүнүн башчысы  (У-А)

 1) Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку билим (Финансылык,  экономика жана башкаруу).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенциялары:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамы ;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Билгичтиги:

–          маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

–          аналитикалык документтерди даярдоо;

–          тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

–          кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

–          иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

–          эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

–          ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

–          ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

–          башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

–          компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Башкы адис – юрист  (У-Б)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим: (Юриспруденция, гуманитардык илимдер, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамы ;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

  • Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы.
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 

Коомдук саламаттык сактоо боюнча башкы адис (У-Б)

  • Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Экономика жана башкаруу, тейлөө сферасы, маданият жана искусство, социалдык илимдер, гуманитардык илимдер, педогогикалык билим беруу, табият таануу илимдери, саламаттыкты сактоо).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамы ;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар  жѳнүндѳ” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Респуликасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Респуликасынын “Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө” Мыйзамы.
  • Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”  Мыйзамы;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Билгичтиги:

–   маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

–   аналитикалык документтерди даярдоо;

–   тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

–   кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

–   иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

–   эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

–   ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

–   ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

–   башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

–   компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Санариптештирүү, IT технологиялар жана кирешелер боюнча  башкы адис  (У-Б)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Автоматташтыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар адистиктери боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармактарында).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер (атайын көктөмөдө тиркелген):

жеке арыз;

– өздүк каттоо баракчасы;

– дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүргөн);

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариалдык жактан күбөлөндүргөн);

– паспорт (көчүрмөсү менен);

– резюме;

– өмүр баян (соттолгондугун же соттолбогондугун көрсөтүү менен);

– 3х4 өлчөмүндө 4 даана сүрөт.

 

Документтер Алайку айыл өкмөтүнүн имаратында Ош облусу, Кара-Кулжа району, Күйө-Таш айылы, И.Доронов көчөсү 201, дареги боюнча беш жумуш күнүн эске алуу менен 2025-жылдын 14-28 – ноябрын кошуп алганда саат 09.00дөн 18.00гө чейин (түшкү тамактанууа тыныгуу – саат 12.30дан 13.30га чейин) кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн 0775145757, 0755313463 телефонуна кайрылса болот.