Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтү улук кызмат орундарын ээлөөгө кадырлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

 Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

  • тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, автоматташтыруу жана башкаруу, техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштыруу жана  гидрометеорология, архитектура жана курулуш, токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү,  геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү багытындагы).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жанамуниципалдык кызмат жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому мен

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Суу кодексин”;

– Кыргыз Республикасынын “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”  Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө”  Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

  • билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

“Инфодокс”,”Санарип” автоматташтырылган электрондук документ жүгүртүү системасында (админстративдик аймактык реформанын алкагында) жана компьютердик уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” менен иштөөсү. 

Конкурска катышуу  үчүн талап кылынуучу документтер:

  1. Конкурсттук комиссиянын атына арыз;
  2. Өздүк баракча 1 даана;
  3. 4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
  4. Паспорттун көчүрмөсү 1 даана;
  5. Резюме 1 даана;
  6. Билими тууралуу документтен көчүрмү (нотариустан тастыкталган);
  7. Эмгек китепчесинен көчүрмө (нотариустан тастыкталган);
  8. Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалымат.

Документтер жарыянын тексти Агенттиктин веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күн ичинде сынактык комиссия тарабынан Кара-Кулжа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылынын М.Алиев көчөсү 76 дареги боюнча кабыл алынат.

Ал эми сынак өтө турган күн талапкерлерге алдын ала кошумча билдирилет.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш тел. номер: 0778 52-86-86