Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт. КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна (мындан ары – административдик кызмат орундарынын топтору «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтому менен Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» № 52 токтомуна ылайык иштелип чыкты. Административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык белгиленет. Типтүү квалификациялык талаптар кесиптик билимдин деңгээлине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына же адистиги боюнча иш стажына жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик компетенцияларга карата белгиленет. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан органдын функциялары же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөрүлгөн учурда жүргүзүлөт. Квалификациялык талаптар милдеттүү жана кошумча болуп бөлүнөт. Административдик кызмат орундарына милдеттүү типтүү квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт: 1) кесиптик билимге. Кесиптик билимдин адистиги (багыты) кызмат орду боюнча функциялык милдеттерге шайкеш келиши керек; 2) административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажына же адистиги боюнча иш тажрыйбасына; 3) кесиптик компетенцияларга: – Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча). Кесиптик билиминин бар экендиги белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталат. Кошумча билиминин бар экендиги квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктагандыгы жөнүндө тиешелүү документ менен ырасталат. Учурдагы жылда жогорку (орто кесиптик) окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуган сабактары боюнча бааларын көрсөтүү менен окуу жайын аяктагандыгы жана тиешелүү квалификация ыйгарылгандыгы жөнүндө окуу жайынын расмий мөөрү басылган маалымкатты берүүгө уруксат берилет. Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чойрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөө үчүн адистиги боюнча стаж жогорку жана / же орто билими жөнүндө дипломдо көрсөтүлгөн адистик боюнча иштеген күндөн тартып эсептелет. Адистиги боюнча стажга талапкердин тиешелүү профилдеги (багыттагы) жогорку жана/же орто атайын билими (адистиги) болгон мезгили гана эсептелет. Мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажын жана/же адистиги боюнча иш тажрыйбасын ырастоо эмгек китепчесиндеги жазуулардын жана/же иштеген жеринен зарылдыгы боюнча берилген маалымкаттын негизинде аныкталат. Ар бир административдик кызмат орду үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кошумча квалификациялык талаптар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды камтыйт. Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, азык-түлүк жана керектелүүчү товарлардын технологиясы жана өндүрүшү, гуманитардык илимдер, табият таануу илимдери, техникалык, архитектура жана курулуш, энергетика багытындагы). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»; Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси»; Кыргыз Республикасынын «Салык кодекси»; Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси»; Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө» Жобо. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү зарыл. – билгичтиги: иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; кириш-чыгыш документтер менен иштөө; айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо; эмгек мыйзамдарын сактоо; инвестицияларды тартуу; бизнес долбоорлорду даярдоо; жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу. – көндүмдөрү: аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Финансылык, экономика жана башкаруу). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенциялары: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси»; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Салык кодекси»; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген «Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө» Жобо; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» № 266 Жарлыгы. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү. – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Башкы адис – юрист, сатып алуулар боюнча кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (Юриспруденция, Гуманитардык). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө кодекси»; Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; айыл өкмөттүн чечимдерин укуктук талдоо; аймактагы аялдардын жана балдардын укуктарын жана бардык мыйзамдардын ченемдерин сактоо; укук коргоо органдарына сотторго кайрылууда калкка жардам көрсөтүү. – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Санариптештирүү жана IT технология боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим же атайын орто кесиптик билим: (Автоматташтыруу жана башкаруу, колдонмо математика жана информатика, инженер-программист, IT технология багытындагы адистиктер боюнча). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» № 120 токтому; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө» Жобо. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; айыл аймагында иштин бардык чөйрөлөрүн санариптештирүү боюнча иштөө; Е-кызмат, “Санарип аймак”, ЭДБ (электрондук документ башкаруу); калктын инфраструктураларынын социалдык объекттердин электрондук маалыматтар базасын түзүү; айыл аймагынын веб-сайтын түзүү жана иштешин камсыз кылуу. – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, автоматташтыруу жана башкаруу, азык-түлүк жана керектелүүчү товарлардын технологиясы жана өндүрүшү, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, архитектура жана курулуш, токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү, геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү багытындагы). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»; Кыргыз Республикасынын «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү. – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер (атайын папкада тиркелген): – конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына арызы; – өздүк каттоо баракчасы; – дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүргөн); – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүргөн); – паспорт (көчүрмөсү менен); – резюме (электрондук почтасын көрсөтүү менен); – өмүр баяны; – соттолбогондугу боюнча маалымат; – 3х6 өлчөмүндөгү төрт даана сүрөт. Сынакка катышуучулардын документтери жарыя чыккан күндөн баштап 10 календардык күндө (2025-жылдын 16-декабрынан 26-декабрына чейин) Ош облусу, Кара-Кулжа району, Жаңы-Талаа айылы, Сайдин Маметов көчөсү 69, дареги боюнча Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында конкурстук комиссиясы тарабынан кабыл алынат. Сурап билүү үчүн (0777) 45-32-11 телефонуна кайрылсаныздар болот. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын региондук башкармалыгы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү