Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтү улук кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн бөлүм башчысы 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Финансылык, экономика жана башкаруу) – Финансылык экономикалык багыттары боюнча. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер: – конкурстук комиссиянын атына жазылган арыз; – өздүк каттоо баракчасы; – дипломдун көчүрмөсү (күбөлөндүргөн болушу керек); – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (күбөлөндүргөн болушу керек); – паспорттун көчүрмөсү; – резюме. : Конкурска катышуучулардын документтери сайтка жарыяланган күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде Көк-Жар айыл өкмөтүндө кабыл алынат. Сурап билүү үчүн 6-00-21 же 0226063364 уюлдук телефонуна кайрылсаңыздар болот. Жазуулар боюнча багыттоо Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт. Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлгөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт