Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

 

                                                                                                                       КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

 

  1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна (мындан ары – административдик кызмат орундарынын топтору «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтому менен Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомуна ылайык иштелип чыкты.
  2. Административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык белгиленет.
  3. Типтүү квалификациялык талаптар кесиптик билимдин деңгээлине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына же адистиги боюнча иш стажына жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик компетенцияларга карата белгиленет.
  4. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан органдын функциялары же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөрүлгөн учурда жүргүзүлөт.
  5. Квалификациялык талаптар милдеттүү жана кошумча болуп бөлүнөт.
  6. Административдик кызмат орундарына милдеттүү типтүү квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт:

1)    кесиптик билимге. Кесиптик билимдин адистиги (багыты) кызмат орду боюнча функциялык милдеттерге шайкеш келиши керек;

2)    административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажына же адистиги боюнча иш тажрыйбасына;

3)    кесиптик компетенцияларга:

–       Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө;

–       кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча).

  1. Кесиптик билиминин бар экендиги белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталат.

Кошумча билиминин бар экендиги квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктагандыгы жөнүндө тиешелүү документ менен ырасталат.

Учурдагы жылда жогорку (орто кесиптик) окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуган сабактары боюнча бааларын көрсөтүү менен окуу жайын аяктагандыгы жана тиешелүү квалификация ыйгарылгандыгы жөнүндө окуу жайынын расмий мөөрү басылган маалымкатты берүүгө уруксат берилет.

Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чойрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.

  1. Административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөө үчүн адистиги боюнча стаж жогорку жана/ же орто билими жөнүндө дипломдо корсөтүлгөн адистик боюнча иштеген күндөн тартып эсептелет.

Адистиги боюнча стажга талапкердин тиешелүү профилдеги (багыттагы) жогорку жана/же орто атайын билими (адистиги) болгон мезгили гана эсептелет.

Мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажын жана/же адистиги боюнча иш тажрыйбасын ырастоо эмгек китепчесиндеги жазуулардын жана/же иштеген жеринен зарылдыгы боюнча берилген маалымкаттын негизинде аныкталат.

  1. Ар бир административдик кызмат орду үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
  2. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кошумча квалификациялык талаптар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды камтыйт.

Башкы  административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
  8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
  9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  10. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Электрондук башкаруу жөнүндө»;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Электрондук башкаруу жөнүндө»;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

                                                                                           Орун басар-жооптуу катчы (1 штаттык бирдик):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык-экономикалык, менеджмент,  айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык илимдер, табигый илимдер, техникалык, архитектура жана курулуш, энергетика тармактарында).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;
  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы.

Билгичтиги:

– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

– алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

Көндүмдөрү:

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

– компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Финансылык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы (1 штаттык бирдик):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Финансылык экономикалык багыттары боюнча).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

– Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;

– Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жонундо” кодекси

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;

– Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.

Билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Башкы адис – коомдук саламаттыкты сактоо,  комуналдык менчиктер боюнча (1 штаттык бирдик):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Финансылык экономикалык багыттары боюнча).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: 

– Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзам;

– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Корупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү” Мыйзамы

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Мыйзамы:

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”Мыйзамы.

Билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Башкы адис-юрист, жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча (1 штаттык бирдик):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, юриспруденция, финансылык-экономикалык багыттары боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, техникалык, айыл чарба  багыттары боюнча).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

– Кыргыз Республикасынын “Жер”Кодекси;

– Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодекси;

– Кыргыз Республикасынын “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категориясына жана түрлөрүүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Суу кодекси;

– Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы.

 Билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Башкы адис – коомдук саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдар боюнча (1 штаттык бирдик):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология адистиктери боюнча, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш адистиктери, техникалык, экологиялык багыттары боюнча).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

– Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоонуу жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын  статусу жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы  №213 “Жарандык коргоонуу жаатындагы эскертүүлөрдүү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтому.

Билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 Сынакка  катышуу  үчүн керектүү документтер (атайын папкада тиркелет) :

  • жеке арыз;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендигин жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгерде мурда иштеген болсо, нотариустан тастыкталган болуу керек)
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
  • 3х4 өлчөмүндөгү 2 фото сүрөт;
  • дипломдун көчүрмөсү (нотариустан тастыкталган)
  • кадрларды эсепке алуу баракчасы;

Жарыянын тексти Агенттиктин веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге сынактын мөөнөтү жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Документтер, Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик айылынын Ж.Раимбеков көчөсү дареги боюнча Салам-Алик айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат. Байланыш телефону : (0500) 52-12-57.