Ош шаарынын мэриясынын административдик кызмат орундарынын башкы жана улук топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынактын тексти

  1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу.

 Кесиптик билиминин деңгээли:

— жогорку билим (экономика жана башкаруу багыттарындагы);

— жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш                  стажы.

 Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби  жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы                     аракеттенүү жөнүндө”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү  нускама.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий тилди билүүсү.

 Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөр:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

  1. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу.

 Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку билим (геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш багыттарындагы);

-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөндөкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы  № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама);

-менеджменттин негиздерин;

-адам ресурстарын башкаруу жаатында;

-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

-чет тилди (билгени абзел).

Билгичтиги:

-ишти стратегиялык пландоо жана келип чыгуучу көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;

-кураторлук кылуучу түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;

-кыйын кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызматкерлердин алдына так түзүлгөн милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;

-жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар ортосунда заманбап баарлашуу методдорун колдонуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

 Көндүмдөрү:

-башкаруучулук менеджмент;

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-башкаруучулук иш (пландоо, уюштуруу, координациялоо, жүйөлөштүрүү жана контролдоо);

-эл алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана болжолдоо, келип чыгуучу көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу жана стратегиялык чечимдерди аткаруунун, кабыл алынган чечимдердин натыйжаларына мониторинг жүргүзүүнүн, контролдоонун, талдоонун жана болжолдоонун сапаты үчүн жоопкерчилик тартуу;

-иштиктүү баарлашуунун, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:

  1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен);
  2. Резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен)
  3. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
  4. Сүрөт 4х6;
  5. Паспортунун көчүрмөсү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  6. Аскердик билетинин көчүрмөсү;
  7. Өмүр баян (өз колу менен жазылган);
  8. Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  9. Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документтеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди 2025-жылдын   24-март саат 18:00 гө чейин Ош шаарынын мэриясынын адам ресурстарын башкаруу секторуна (210-кабинет) тапшыруу зарыл.

  • Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жашап жаткандыгы тууралуу тастыктоочу маалымкат (справка с места жительства) талап кылыныт.
  • Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн талапкерлердин документтери бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана электрон дареги так көрсөтүлүшү керек.

Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79.