Панфилов райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы   улук  жана кенже кызмат орундарын  элөөгө кадрдык резервке кабыл алуу үчүн ачык сынак  жарыялайт:

Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

-жогорку билим: гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик кесиптер, экономика жана башкаруу;

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

 жогорку билим; гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик кесиптер, экономика жана башкаруу;

— иш стажы талап кылынбайт.

Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:

  • «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Балдар жөнундө Кодекси;
  • «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:

  • «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Балдар жөнундө Кодекси;
  • «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

  • жеке арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама);
  • негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтерин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  • эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин (бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

Документтерди  2025-жылдын  20-мартынан  тартып,   3-апрелине  чейин  саат  8.30-17.30 чейин кабыл алынат.

Кайынды шаары, Садовая №7 көчөсү, Панфилов  райондук эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш.                           

Сурап билүү байланыш номер: 0(3137) 51-2-45, 60-79-75