Панфилов райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук жана кенже кызмат орундарын элөөгө кадрдык резервке кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт:

Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек.

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

-жогорку билим: гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик кесиптер, экономика жана башкаруу;
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

— жогорку билим; гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик кесиптер, экономика жана башкаруу;
— иш стажы талап кылынбайт.
Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
• Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
• «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
• «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
• «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:
• «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
• «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын Балдар жөнундө Кодекси
• «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
• Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
• «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:
• «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын Балдар жөнундө Кодекси
• «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
• жеке арызы;
• резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама);
• негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтерин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
• эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
• илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин (бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
• паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)

Документтерди 2025-жылдын 22-апрелинен тартып, 30-апрелине чейин
саат 8.30-17.30 чейин кабыл алынат.

Кайынды шаары, Садовая №7 көчөсү, Панфилов райондук эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш.
Сурап билүү байланыш номер: 0(3137) 51-2-45, 60-79-75