Раззаков шаарынын мэриясынын административдик муниципалдык кызматтын УЛУК тобуна кадрлар РЕЗЕРВине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ.

I.Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

Административдик кызмат орундарынын УЛУК тобу үчүн:

– жогорку билим;

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес стажы.

Талапкерлер негизги тесте төмөнкү ЧУАды билүүсү шарт:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы

№ 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.

  1. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
  1.  Өзүнүн арызы
  2. Резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  3. Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин  (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  4. Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы);
  5. Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  6. Паспорттун көчүрмөсү (кошумча).

Талап кылынган документтер 2025 – жылдын   01-май күнү саат 16-00 гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат:

720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-00-85;   5-02-44.