1. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

  • жогорку билим;
  • жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Мыйзамдары:

1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама;

2) административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:

  • жогорку билим;
  • жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Мыйзамдары:

1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”;
4)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
7)“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8)“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9)“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10)“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама жөнүндө токтому.

  1. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
  • өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (документ тапшырууда түп нускасын алып келүү зарыл);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо, документ тапшырууда түп нускасын алып келүү зарыл);
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

Талап кылынган документтер 2025 – жылдын   3-октябрь күнү саат 16-00 гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат:

720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-00-85;   5-02-44.