Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: – жогорку билим; – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; Административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук топтору үчүн 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6.“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; 7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер КЕРЕКТЕЛЕТ: – өтүнмө (электрондук түрдө); – резюме (электрондук почтаны, жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (суралган учурда түп нускасын алып келүү зарыл); – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо, суралган учурда түп нускасын алып келүү зарыл); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу (электрондук түрдө);. Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу: – электрондук форматта өтүнмө берет; – Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт; – мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт. Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер – түп нускадагы документтердин сканерленген варианты тиркелет. Өтүнмө берүү мөөнөтү аяктаган күнгө чейин өтүнмөгө сканерлеп тиркелүүчү документтердин тизмеги жана аларга карата талаптар мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (МамАгенттик) тарабынан аныкталып, расмий кат келген учурда кошумча документтер суралышы мүмкун. Электрондук форматта өтүнмө берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026 – жылдын 10-апрель күнү. Биздин дарек: 720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-00-85; 5-02-44. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы УП №43 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топторуна конкурс жарыялайт: Кадамжай шаардык мэриясы ички кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурс жарыялайт.