Раззаков шаарынын мэриясы административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук жана кенже тобуна кадрлар РЕЗЕРВине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ. I.Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1) Административдик кызмат орундарынын УЛУК тобу үчүн: – жогорку билим; – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес стажы. 2) Тиешелүү мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; КР “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы; КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; КР “Электрондук башкаруу жөнүнө” Мыйзамы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” 3) Административдик кызмат орундарынын КЕНЖЕ тобу үчүн: – жогорку билим – мамлекеттик органдар үчүн; жогорку же болбосо орто кесиптик билим – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн; – иш стажына талаптар коюлбайт; 4) Тиешелүү мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (диплом, түп нускасы да суралат); – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо, китепченин түп нускасы да суралат); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу. Талап кылынган документтер 2025 – жылдын 05-август күнү саат 16-00 гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: 720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-00-85; 5-02-44. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт. Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы, улук жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүң АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ