Квалификациялык талаптар Кенже кызмат орундары үчүн (өзгөчө кырдаалдар боюнча адис) 1. Кесиптик билиминин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим 2. Иш стажы жана тажырыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт 3.Кенже административдик муниципалдык кызмат орду үчүн жалпы мыйзамдар: 1). Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2). Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы 4.Тиешелүү тармактагы мыйзамдар( Өзгөчө кырдаалдар боюнча адис ) – Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” билүүсү. Конкурска катышуу үчүн тиешелүү документтер(атайын папкага тиркелет): -өзүнүн арызы; -резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); -өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматы менен)-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөсү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; – паспорттун көчүрмөсү. Документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күн ичинде кабыл алынат. Иш убактысы саат 08:30дан 17:30га чейин. Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат. Дареги: Ысык-Көл району, Семеновка айыл өкмөтү, Садыр-Аке көчөсү,8 айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г. Урбаева Жазуулар боюнча багыттоо Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагынын айыл өкмөтү аскердик-учетту каттоо кызматкерине бош ваканттык административдик кызмат ордуна сынак жарыялайт. Талас райондук мамлекеттик администрациясы