Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулган үч күндүк семинар жыйынтыкталды.
Ысык-Көл облусу менен Нарын облусунун айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары катышкан
семинарда «Санарип аймак» тутумун жолго коюу усулдарын окутуу менен о.э. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын УЧАларын иштиктүү жол-жоболоштуруу маселелери талкууланды.
Аталган иш чара Ысык-Көл районунун Баетов айылында уюштурулду.
Семинардын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Агенттиктин директору Эльчибек Джантаев ММКга маалымат берип төмөндөгүлөргө токтолду:
«Өзүңүздөргө маалым болгондой, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштин эффективдүүлүгүн арттыруу, элге сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында заманбап технологияларды колдонуу жана санариптештирүү бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президентинин койгон талаптарынын бири.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумун иштеп чыгып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишке киргизүү милдети тапшырылган. Агенттик тарабынан 2020-жылдан тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын “Санарип аймак” тутумуна кошуу жүргүзүлө баштаган.
Бүгүнкү күндө бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “Санарип аймак” тутуму менен иш алып барууда.
Тутумдун негизги максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн автоматташтыруу жана жарандарга мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды электрондук түрдө сапаттуу көрсөтүү болуп саналат.
Семинардын негизги максаты “Санарип аймак” тутумунун “Чарба китеби” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын паспорту” модулдарынын жаңы функцияларын окутуу, практикалык түрдө үйрөтүү болуп эсептелет.
Азыркы учурда республика боюнча 7 коммерциялык банк менен бирге иштөөгө келишимдер түзүлдү. Мунун натыйжасында ар бир жаран кредит алуу учурунда банктар талап кылган көптөгөн документтерди чогултуу жокко чыгарылат.
“Санарип аймак” тутумун ишке ашырууда,
— Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси;
— Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы;
— «Helvetas» уюму;
— Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банкы сыяктуу донорлордун колдоосу көрсөтүлүп келет».